super.kg logo

Бишкекте аялы менен чырдаша кеткен киши терезеден жардам сурап кыйкырды

 

Бишкекте үй-бүлөлүк чатактан улам эркек киши терезеден жардам сурап кыйкырды. Окуя 27-апрелде Тоголок Молдо көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алганын Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Айтылган дарекке ыкчам топ барып, аялы менен күйөөсүнүн ортосунда үй-бүлөлүк чыр чыкканы маалым болгон.

"А.Ш. аттуу аялдын айтымында, ал жолдошу Ш.А. менен 10 жылдан бери чогуу жашап келет, алардын ортосунда 2 жашар наристеси бар.

Ошол күнү келин кызы менен төркүнүнө барайын деп камданып жатканда, күйөөсү каршы болуп үйдө калуусун айтып, кызын көтөрүп алып чыр чыгарган. Мындан улам аялы менен күйөөсүнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Күйөөсү терезени ачып, көчөдөн өткөндөрдөн жардам сурап кыйкырып, өзүнө көңүл бурдурган. Чатактан кийин келин жакындарына баруу оюнан кайткан. Күйөөсү жардам сурап кыйкырып жатканда күбөлөрдүн бири милицияга кабар берген.

Бул факты каттоого алынып, алдын ала текшерүү иштери башталган", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: