super.kg logo

Эдил Байсалов "Маариф" билим берүү комплексинин иши менен таанышты

 

Эдил Байсалов «Маариф» билим берүү комплексинин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы «Маариф» түрк фонду тарабынан негизделген аты уйкаш билим берүү комплексинин иши менен таанышты.

«Маариф» фондунун өкүлү Хусню Биржан окуу процессинин жүрүшүнө токтолуп, окуу класстарын, лабораторияларды, китепкананы, жыйындар залды жана кампустун башка бөлүктөрүн көрсөттү. Кампуста оюн бакчасы, спорттук жайлар, музыкалык бөлмө, этюд класстары жана конференц-зал бар. Жакынкы мезгилде бассейн, спорт зал, жасалма футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары пайдаланууга берилет.

«Маариф» билим берүү комплексинде окутуу жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт.

Хусню Биржан белгилегендей, учурда бул сыяктуу комплекстерди Ош шаарында, Баткен облусунда жана республиканын башка аймактарында куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов зарыл баалуулуктарды, адеп-ахлактык мамилелерди жана социалдык өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн өсүп келе жаткан муундун сапаттуу билим алуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Заманбап билим берүүдө жеке активдүүлүктү жана окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн колдоого багытталган түрдүү ыкмаларды колдонуу зарыл. Министрлер кабинети билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кызматташтыгын жогору баалайт жана ар дайым бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдорун издейт", - деди Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: