Жашыл шаардагы жай турмуш. Ала-Тоонун жүрөгү болгон калаадан фоторепортаж











Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Бул күнү борбор калаабызга 144 жыл толду. Бул датанын урматына Бишкек шаарынын тургундарынын маанайын билүү үчүн шаардан фоторепортаж даярдадык.
Бишкек шаарынын тарыхы
VII кылымдан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылы Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаа эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошо курулган. 1926-жылы кеңештик (советтик) аскер башчы Михаил Фрунзенин аты коюлуп Фрунзеге өзгөртүлгөн. 1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - Кыргыз КСРдин борбордук калаасы. 1991-жылдын апрелинде ССРдин Жогорку Совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаар аты кайрадан Бишкекке өзгөртүлгөн.
Бишкек Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык туризм борбору болуу менен туристтерге көптөгөн ажайып жайларды тартуулай алат. Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейил бактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.


