Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты
Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын мэриясында ушул жылдын апрель айында өткөн республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Анда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мындан аркы ийгиликтерди каалап, окуучулардын ийгиликтерине мугалимдердин жана мектеп жетекчилигинин салымы зор экендигин белгиледи.
Иш-чарада республикалык предметтик олимпиадада алдынкы орундарды ээлеген окуучуларга баалуу белектер – электрондук китептер, олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер тапшырылды. Ал эми окуучулары алдынкы орундарды багынткан мугалимдерге Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлыктары жана алкыш баракчалары тапшырылды. Жалпысынан шаардагы мектеп жана лицейлерден 34 окуучу жана мугалимдер сыйланды.
Белгилей кетсек, олимпиаданын жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин рейтингдик критерийлери боюнча Ош шаары республикада 2-орунга ээ болгон. Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык билим берүү бөлүмү ыраазычылык кат менен сыйланды.
Ошондой эле иш-чарада Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Ярославль жана Новосибирск шаарлары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы, шаардагы мектептерден орус тили мугалимдерин квалификациясын жогорулатууга жиберүү пландалып жатканы айтылды.


