super.kg logo

"Чыңгыз Айтматовдун ааламы" (“Мир Чингиза Айтматова”) аталышындагы китеп чыгат

 
Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата азербайжандык профессор Лейла Герайадзенин “Мир Чингиза Айтматова” деген аталыштагы  улуу жазуучу тууралуу жазылган монографиясы басылып чыгат. Бул тууралуу “Түрк мамлекеттеринин саясатын колдоо” фондунун президенти Нусрет Мамедов билдирди.
"Монографияда Айтматовдун чыгармачылыгы терең изилденип жазылган. Андыктан ал жалпы окурмандарга кызык жаратары бышык”,- дейт Нусрет Мамедов. 
Анын айтымында, китептин кириш сөзүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдердин академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев жазган. Китептин илимий редактору - Баку мамлекеттик университетинин профессору Агил Гаджиев, ал эми редактору - кыргыздын белгилүү акыны жана котормочусу Мукан Асаналиев. 
Мамедовдун маалыматында, Бишкекте 12-декабрга чейин Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата мааракелик салтанаттар өтөт. Ошол мааракелердин биринде аталган китептин бет ачары болуп, акысыз таратылат. Мындай демилгени улуу жазуучунун туугандары да колдошорун билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: