super.kg logo

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин алгачкы отуруму өттү

 

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин I отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында уюштурулган иш-чарада 2021-2035-жылдарга карата Баткен облусун өнүктүрүүнүн жол картасын ишке ашыруу маселеси талкуулады.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык 2022-жылдын февралында түзүлгөн.

Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүүнүн зарылчылыгын айтып, өзгөчө чек арага чектеш айылдардагы калкты социалдык камсыздоо жана мамлекеттик колдоо маселелерине токтолду. Ошондой эле Баткен облусунун айылдарынын инфратүзүмүн, айрыкча жолдордун абалын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Муну менен катар инвестиция тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселеси талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: