super.kg logo

Ички иштер министрлиги 3 айдын жыйынтыгын чыгарды

 

Ички иштер министрлиги бүгүн, 29-апрелде 2022-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү. Коллегиянын жүрүшүндө санариптештирүү боюнча өлкөнүн коомдук жайларына 2 миң 77 видеокамералар орнотулганы кабарланды. Анын ичинен 136 видекамера аркылуу ИИМдин ыкчам башкаруу борбору өлкөдөгү криминогендик абалды онлайн көзөмөлдөөдө дейт министрликтин маалымат кызматынан.

- Ички иштер органдарында электрондук форматта документ жүгүртүүнү ишке киргизүү максатында тиешелүү ишмердиктин жобосу бекитилип, министрлик атайын маалымат тутумга туташтырылган. Учурда президенттин администрациясына, министрлер кабинетине, Жогорку Кеңешке жана башка мамлекеттик органдарга жарандардын кирүү, чыгуу кат-кабарлары жана кайрылуулары боюнча каттар электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.

- Өлкөбүздүн бардык нөөмөт бөлүмдөрүн, убактылуу кармоочу жайларын жана ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү камсыз кылуу максатында республиканын бардык аймактарынан келген видеобайкоо камераларын бириктирген мониторинг борбору түзүлдү. 2022-жылдын башында санариптүү технологиялардын жардамы менен маалыматтардын алуусун тездетүү максатында ИИМдин нөөмөт бөлүмүндө "Видеодубал" (Видеостена) мультимедиялык жабдуулардын комплекси орнотулган.

Комплексти орнотуунун негизги максаттары - республикадагы бардык нөөмөт бөлүмдөрүн бирдиктүү аудио-видео түйүн кылып бириктирип, аталган комплекс аркылуу чагылдыруу, республиканын аймактарында жайгашкан ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн жана кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн камералар аркылуу көзөмөлдөө, аймактардагы ыкчам кырдаалды камералар аркылуу көзөмөлдөө. Азыркы учурда ал мониторлор тутумуна Бишкек шаарынын 4 районунун нөөмөт бөлүмдөрү жана убактылуу-кармоочу жайлары, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү кошулду. 2022-жылда республиканын бардык ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн жана убактылуу-кармоочу жайларынын кошулуусу мерчемделген.

Ал эми кылмыштуулук боюнча жалпы 11 миң 377 кылмыш иштери козголгон. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 46,0% азайган. Былтыр 4 миң 761 кылмыштар сотко жөнөтүлсө, быйыл 4 миң 919 жөнөтүлүп, салыштырмалуу 158 ишке же 3,3%га көп жөнөтүлгөн.

Республика боюнча былтыр 5 миң 983 кылмыштардын бети ачылса, быйыл 7 миң 477 бети ачылып, салыштырмалуу 1 миң 494 учурга же 25,0%га көп ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында 716 адамдан турган 271 кылмыштуу топ колго түшүрүлүп, алар тараптан 694 кылмыштар жасалгандыгы аныкталган. Облустук жана шаардык милиция башкармалыктарынын жетекчилерине кайрылып, катталган кылмыштардын бетин ачуу, сапаттуу тергөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, айрыкча өздүк курамдын таалим тарбиясына да өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: