Сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алган жана андан каза болгон учурлар катталган жок
Бүгүн, 30-апрелге карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алган бир да учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, соңку сутка ичинде республика аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган жана андан каза болгон учурлар катталган жок.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпысынан 200 миң 992 адам илдетти жуктуруп алса, каза болгондордун жалпы саны 2991 адамды түздү. Ал эми ооруну жеңип чыккандардын жалпы саны республика боюнча 196 миң 400 бейтапты түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.