super.kg logo

Милиция кызматкерлери май айындагы майрамдар учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 

Май айындагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар кандай кылмыштуу көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ар түрдүү кырдаалдарга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында министрликтин өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин күчөтүлгөн тартип менен кызмат өтөөгө киришет.

"Майрамдарды өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплекси түзүлөт.

Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөт. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир жаранды жоопкерчиликке тартууга укуктуу.

Мындан тышкары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча көзөмөл иштери күчөтүлөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт ээлерине катуу чара көрүлөт.

Урматтуу жарандар ИИМдин коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууңузду жана колдонуудагы мыйзамдарды сактооңузду суранабыз. Шектүү жарандар байкалган же болбосо ээсиз буюмдар табылган учурда ички иштер органдарына 102 байланыш телефону аркылуу токтоосуз түрдө маалымат берүүнү өтүнөбүз. Милиция кызматкерлери алдыдагы майрамдарды кырсыксыз өткөрүү үчүн бардык чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: