super.kg logo

Жайма базардагы жай турмуш (фоторепортаж)

 

Борбор калаабызда ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү соодасы кызуу жүргөн бир нече жайма базарлар бар. Алардын ичинен чоң аянтты ээлеген, кардарларынын саны арбын "Ош базардын" аймагында жайгашкан жайма базарга баш бактык.

Жайма базардагы баалар базар баасынан алда канча төмөн экенин көрүүгө болот. Болжол менен жүздөн ашык сатуучу соода кылат. Өзгөчөлүгү, товарлардын дээрлик бардыгы колдонуудан чыккан.

Жайма базардан кийим-кече, үй буюмдары, жууркан-төшөк, идиш-аяк, китептер жана башка көптөгөн керектелүүчү каражаттарды табууга болот. Сатуучулардын айтымында, алар күнүнө 500 сомдон 1000 сомго чейин табышат.

“Бул жакта дайыма эле соода боло бербейт. Көбүнчө ишемби жана жекшемби күндөрү кардарлардын саны арбыйт. Биз дагы ошого жараша чыгабыз. Тапканыбыз ичкен-жегенибизден артпайт. Эң көп миң сомго чейин табабыз. Кээде шаарга сырттан кишилер келгенде бизди милиция кызматкерлери соода кылууга уруксат беришпей, базарга чыгарбай коюшат.

Ал эми саткан буюмдар өзүбүздүкү, кээде атайын сатып бер дешип ар кандай буюмдарды таштап кеткендер да болот", - дейт сатуучулардын бири.

SUPER.KG порталы аталган жайма базарга барып, ал жактагы атмосфераны чагылдыруу менен фоторепортаж даярдады.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: