super.kg logo

Жээнбек Кулубаев "ТҮРКСОЙдун" Башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту

 

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев «ТҮРКСОЙ» уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Жээнбек Кулубаев Султан Раевди «ТҮРКСОЙ» Эл аралык түрк маданияты уюмунун башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Тараптар Кыргызстандын «ТҮРКСОЙго» катышуусунун актуалдуу маселелерин, быйыл күзүндө Түркияда өткөрүүгө пландалган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде С.Раев Ж.Кулубаевге Уюмдун ушул жылга карата маданият, искусство жана музей иши боюнча пландары айтты. Ошондой эле 2022-жылдын июнь айында Бурса шаарында «Манас» эпосунун жумалыгы жана июль айында Орусия Федерациясынын Алтай аймагында «Алтай цивилизациясы» конференциясы өткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: