super.kg logo

Атырлардын сактоо мөөнөтү барбы?

 

Изилдөөлөргө таянсак, атырлардын сактоо мөөнөтү 3-5 жылды түзөт. Баштапкы жытын сактоого кепилдик берген мезгил. Ошол эле учурда 15 же андан көп жыл мурун чыгарылган атырлардын рыногу бар. Айрымдар жыты бир аз өзгөргөн жыпар жыттарды баалашат. Мындай атырлар аукциондо кымбат баада сатылат.

Атыр — жыпар жыттуу заттардын спирттеги жана суу-спирт аралашмасындагы эритмеси; жыпар жыт берүүчү, тазалык жана сергитүү үчүн пайдалануучу суюктук.

Атырды даярдоодо өсүмдүктөн, жаныбардан, химиялык сырьёлордон алынуучу накта жана жасалма жыпар жыттуу 300гө жакын ар түрдүү зат кошулат. Өсүмдүктөн алынуучу заттар - эфир майлары жыпар жыттуу зат (роза, кориандр, сандал), жасалма жыпар жыттуу зат (кориандр, сасафрас, анис) алууда сырьё, ошондой эле тундурма (пачули жалбырагы, кориандр уругу, эмен эңилчеги) катары пайдаланылат. Жаныбардан алынуучу заттар (амбра, цибет, мускус) тундурма түрүндө гана пайдаланылат. Жыпар жыттуу заттардын саны 15тен 60ка жетет. Сырьёнун түрүнө жараша жыпар жыттуу заттарды экстрагирлөө процесси бир нече сааттан 1 жылга созулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: