Шашылыш билдирүү: Кыргыз жергесинде туруксуз аба ырайы күтүлөт
4-6-майда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.
Билдирүүгө таянсак, 4-6-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы ыктымал. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.