Бишкекте Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгы белгиленет

Театр
жана кино жылдызы Бакен Кыдыкееванын 90 жылдык мааракеси болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы
кабарлайт. Маалыматка
караганда, СССРдин Эл артисти, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты
Бакен Кыдыкееванын 90 жылдык мааракеси 2013-жылдын 4-декабрында Т.Абдумомунов
атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгиленет.
Автор: Темирбек Матаев
Кыдыкееванын 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын тартиби:
4-декабрда саат 10:00дө актрисанын "Ала-Арча" көрүстөндөгү эстелигине гүл коюу аземи болот.
17:00дө анын 90 жылдык
мааракесине арналган документалдуу фотокөргөзмө өтөт.
17:30да мааракеге
арналган салтанаттуу кече болот. Ага искусство
адамдары, маданият кызматкерлери, өкмөт мүчөлөрү катышат.
Кошумчалай
кетсек, Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна
караштуу Төкөлдөш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз
сахнасынын ханышасы аталып, бир катар спектаклдер менен кинотасмаларда башкы
каармандардын ролун жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.