super.kg logo

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган эки тургун кармалды

 

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жуманын дем алыш күндөрү Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экология кызматкерлери жана Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылынын күн батыш тарабынын көл жээгинде мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен эки жаран кармалган.

Териштирүү учурунда, кармалгандар ошол эле Тосор айылында жашаган 40 жаштагы К.Э. жана 35 жаштагы О.Т. аттуу жарандар болуп чыккан. Кармалган учурда 86 даана чабак, 1 даана судак балыктары жана үйлөмө кайык далил зат катары алынып, Жети-Өгүз РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Шектүүлөргө "балыкты же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: