super.kg logo

Судьянын хан сарайы театрга айланып... Бишкектеги "Манас" театрынан фоторепортаж

 

Кыргыз улуттук "Манас" театры 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

SUPER.KG порталы Бишкектин түштүгүндөгү театрга айланган мурдагы судьянын хан сарайына барып, фоторепортаж даярдады.


Кыргыз улуттук "Манас" театры Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан.


Ушул жылдын март айында театрга имарат бөлүнгөн. Улуттук "Манас" театрына кеңсе катары берилген үй Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Ал 2020-жылы мыйзамсыз баюуга байланыштуу айыпталып камакка алынган. Анын жогорудагы үйү мамлекеттин менчигине өткөн.

Мекеменин жетекчиси болуп манасчы Азиз Биймырза уулу дайындалып, өлкө башчы тарабынан театрга 500 000 сомдук сертификат тапшырылган.


"Театр десе эле дүйнө таанымыбызга репертуар, спектакль, режиссёр, артисттер, драматург деген түшүнүктөр келет да. Бирок биздин театр айтуучулуктун, практиктердин театры болот", - деп жетекчи Азиз Биймырза уулунун айтканы бар.

Аталган театр 2 кабаттан турат, 7 бөлмөлүү. Биринчи кабатында 30 кишиге ылайыкташкан кичи сахна жайгашкан. Анда чакан иш-чараларды уюштурууга болот. Мындан тышкары белекке келген көргөзмөлөр да бар.

Имараттын экинчи кабатында жетекчилердин, бухгалтердин иш бөлмөлөрү орун алган. Баса, сырттан келген конокторду да дал ушул экинчи кабаттагы конок бөлмөдөн узатууга болот.

Театрдын курамында манасчылар жана дастанчылар мектеби, Элмирбек Иманалиев атындагы төкмө акындар мектеби бар.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышып чыккан. Ага ылайык, дал ушул комплекстин аймагына "Манас" театры менен Манас музейин жайгаштыруу мерчемделген. Ал эми театрда иштеген кызматкердин айтымында, театрдын курулушу 650 миң долларга бааланууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: