"Кубанычыбызда чек жок". SUPER.KG порталынын каарманына президент Садыр Жапаров жардам берди
SUPER.KG порталынын ютуб каналынын чыгармачыл тобу буга чейин Кемин районунун Орловка айылына барып, жол кырсыгына кабылган үй-бүлөнүн тагдырын чагылдырган. Анда жубайлардын жол кырсыгынан улам майып болуп калгандыгы маалымдалган. Видео коомчулукка тарагандан кийин президент Садыр Жапаров SUPER.KG порталынын каармандарына жардам берди.
Үйдүн кожоюну, төрт кыздын атасы Рустам Токтогазиев кубанычын жашыра албай буларга токтолду.
"Видео чыккандан кийин элден жакшы жардам болду. Туугандар, теңтуштар, карапайым эл колунан келген жардамын берди. Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин жардамчылары Бишкек шаарына көчүрүп келишти. Үйүбүз эки бөлмөлүү. Бардык шарттары бар. Ооруканага жакын. Улуу кызым мектепке бара баштады. Президентке жана жалпы эле жардам берген адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Жашоо шартыбыз өзгөрдү. Жашоого үмүт байлап калдык", - деди ал.
Үйдүн кожойкеси Адель Байдалиева алгач ишене алган жокпуз дейт.
"Видео ютубга чыккандан кийин президенттин өкүлчүлүгүнөн бир жигит келип, биздин жашоо-шартыбыз менен таанышып кетти. Алгач ишене алган жокпуз. 2 күндөн кийин бизди шаарга көчүрүп кетерин айтышты. 22-мартта Бишкек шаарына өздөрү көчүрүп кетишти. Учурда Асанбай кичи районунда заманбап үлгүдө салынган батирде жашап жатабыз. Шарттары жакшы. Убактылуу жашап тургула деген шарт менен көчүрүп келишти. Батирге акча төлөбөйбүз. Кыздарыбыз менен бактылуу жашап жатабыз. Президентке чоң рахмат. Алар өздөрү бул тууралуу айтып чыгышкан жок. Биз өзүбүз ыраазычылыгыбызды билдирели дедик. SUPER.KG ютуб каналынын жамаатына чоң рахмат! Сиздер аркылуу үнүбүз президентке жетти", - деди ал.
Толугу менен видеодо.
кошулду


