super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Венгриянын тышкы иштер министрин кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрия саясий диалогду активдүү колдоп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт.

«Бизди кыргыз-венгр стратегиялык өнөктөштүгүнүн оң динамикасы кубандырат», — деди ал. Кыргыз тарап быйыл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын мамлекеттик сапарын күтүп жатканын ырастады.

Мамлекет башчысы ошондой эле министр Сийяртону жана «ФИДЕС» башкаруучу партиясын жакында болуп өткөн парламенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров Петер Сийяртону «Достук» ордени менен сыйлады, анын кыргыз-венгер мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.

«Биз буга Украинадан жүздөн ашуун жарандарыбызды эвакуациялоо учурунда дагы бир жолу ынандык», — деп белгиледи.

Өз кезегинде Петр Сийярто жылуу кабыл алгандыгы жана «Достук» ордени менен сыйланганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен бул сыйлыкты алганыма сыймыктанам. Бул мен үчүн Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракеттеримди улантууга түрткү берет», — деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: