super.kg logo

Будапешт-Бишкек түз аба каттамы ачылат

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вегриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Бул туурасында ТИМден билдиришти.

Ага ылайык, тараптар жакын арада Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз аба каттамын ачууну макулдашты.

Мындан тышкары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, 2022-жылы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Атап айтканда, тараптар Кыргызстандын Венгрияда жана Венгриянын Кыргызстанда маданият күндөрүн өткөрүү маселесин талкуулашты.

Белгилей өтсөк, кечээ, 3-майда өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону президент Садыр Жапаров кабыл алып, «Достук» ордени менен сыйлаган. Ошондой эле Сийяртонун иш сапарынын алкагында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйыны өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: