Бишкекте унааны айдай качкан 19 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте унааны айдап качкан жаран аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-майда болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББине Чүй кең көчөсүндө жайгашкан "Глобус" соода борборунун жанында токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кетти деген маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, аны табуу иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.