Эммануэль Макрондун инаугурациясы качан өтөрү айтылды
Франциянын президенти болуп кайрадан шайланган Эммануэль Макрондун инаугурациясы 7-майда өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалар жазгандай, президенттин инаугурациясы Елисей сарайында орун алат. Макрон жаңы кызматына 14-майдан тарта киришет.
Белгилей кетсек, Макрон президенттик жарыштын экинчи турунда шайлоочулардын 58,2 пайыз добушуна ээ болуп, кайрадан экинчи мөөнөткө шайланган. Президент Садыр Жапаров Макронду Франциянын президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:26
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.