super.kg logo

Президент Садыр Жапаров миңден ашуун адам селден улам көчүрүлгөнүн билдирди

 

Президент Садыр Жапаров соңку күндөрү катталган табият кырсыктарына байланыштуу баш аягы миңден ашуун адам көчүрүлгөнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Өлкө башчысынын билдирүүсүнө ылайык, учурда табигый кырсык болгон жерлерде Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылган.

Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды.

Алайга дагы жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды.

Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар”, - деп жазды мамлекет башчысы.

Май айынын башында Кыргызстандын бир топ аймактарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: