super.kg logo

Ажылык сапарга каттоо башталды

 

Бүгүн, 6-майдан тарта ажылык сапарга барчуларды каттоо башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдагы ажылык сапарына мурда ажылыктын базасына катталбаган 65 жаштан төмөнкү жарандарды каттоого алуу 6-майдан 11-майга чейин уланат. Талапкерлер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн 4500 АКШ доллары жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Ошондой эле 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына, аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн, ар бир талапкерлер ажылык сапарына болгон төлөмдөрүн 2022-жылдын 25-апрелден 30-апрелге чейин ар кандай себептер менен төлөп жетише албай калган талапкерлерге 11-майга чейин төлөө мөөнөтү узартылат.

Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин, коронавируска каршы эмделген болуусу зарыл. COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын ырастаган күбөлүк талап кылынат. Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: