Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев селден жабыркаган турак үйлөрдүн абалы менен таанышты (сүрөт)







Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузактагы селден жабыр тарткан аймактарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-май күнү министр селден улам жабыр тарткан Сузак районунун Барпы, Сузак жана Атабеков айыл аймактарынын тургундарынын турак үйлөрүнүн абалын көрдү.
Эске салсак, 4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айылдарында сел жүргөнү айтылып, ал жерге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жөнөп кеткени айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.