Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды
Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-майда болжол менен саат 13:50 чамасында Лев Толстой көчөсүнөн BMW үлгүсүндөгү унаа чыгышты көздөй бара жатып, батышты көздөй бара жаткан Toyota үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркады. Аларды ооруканага алып кетишти. Жеринде милициянын кайгуул кызматы иштеп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
жол кырсыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.