super.kg logo

Ош шаарында 21 жаштагы келин мас абалында инспектордун колун тиштеди

 

Ошто 21 жаштагы келин мас абалында патрулдук милициянын инспекторунун колун тиштеп алды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматынын кенже сержанты Э.Дубашевге 5-май күнү саат 11:00 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен Дэу Матиз үлгүсүндөгү такси айдоочусу келип, унаанын ичиндеги 1 жаштагы баласы бар жүргүнчү келинди түшүрүп берүүнү өтүнгөн. Э.Дубашев жүргүнчүнү түшүрүүгө аракет кылганда ал мас абалында болуп, эшиктерди тээп, унаанын терезесин сындырып, оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеп, кайгуул кызматкердин көкүрөгүндөгү камераны жулуп алып, сол колун тиштеген.

"Аталган факты Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүш катары катталган. Жазык процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Т. кызы.Т. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бир жаштагы баласы Ош шаарындагы жаш балдарды кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: