super.kg logo

УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Абдыжалил Жамалов каза болду

 

Бүгүн, 6-май күнү Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы генерал-майор Абдыжалил Жамалов каза болду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Жамалов Абдыжалил Кыргызбаевич 1951-жылы 1-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Күл айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 1976-жылдын апрель айында баштаган. Ал операторлуктан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарына чейин жеткен. 2006-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Башкы штабынын жетекчиси - Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Абдыжалил Жамалов улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө 1999-2000-жылдары Баткен облусунда аймактык бүтүндүктү коргоого жана эл аралык кылмыштуу топторду андан ары талкалоого зор салым кошкон. Аталган облустун аймагындагы куралдуу кагылышуу учурунда өзгөчө кырдаал режиминде эл аралык террордук топтордун бандаларын жок кылуу операцияларына түздөн-түз катышкан.

Мындан тышкары Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү менен мамлекеттик чек араларды коргоону жана коргоону уюштурууга айрым оңдоолорду киргизген.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуудагы өзгөчө кызматы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: