Казакстан мыйзам бузуулардан улам чек арадагы көзөмөл кайра күчөтүлөрүн маалымдады
Казакстан чек арадагы өткөрмө бекеттерде көзөмөл кайрадан күчөтөрүн билдирди. Бул тууралуу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-апрелде Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу унаадан Беларустун 1 миллиондон ашуун жасалма акциздик маркалары табылган. Ушул эле унаадан 2 миңден ашуун декларацияланбаган товар алынганы кабарланды. Мындан улам Казакстан көзөмөлдү күчөтөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, 20-апрелде кыргыз-казак өкмөттөрү эркин соода жүгүртүү боюнча чечимдерди кабыл алган. Анда кыргыз тарап жүк ташуучу унааларды товар үчүн электрондук эсеп-фактура жок чыгарбоону убадалаган. Ал эми Казакстан текшерүүнү азайтып, транзиттик товарларды кароосуз өткөрө турган болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.