super.kg logo

Бишкекте тез татымдан 11 адам ууланды

 

Бишкекте массалык уулануу болду. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уулануу 5-май күнү Чүй кең көчөсү 110 дарегиндеги "Эл эмне жейт?" тез татым жайында болуп, анда 11 адам шаурма жегени аныкталган.

"Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 13 000 сом айып салуу жөнүндө токтом кабыл алынды жана бузууларды жоюу үчүн санитардык буйрук берилди.

Уулануунун себептери такталып, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин аталган тез татым жайы убактылуу жабылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: