super.kg logo

“Түрк тилинде ырдашып…”. Ырчы Аскат Мусабеков жубайы менен бирде шаңдуу, бирде муңдуу ырларды аткарышты (фото, видео)

 

6-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Аскат Мусабеков жана анын жубайы Миргүл Асаналиеванын “Өмүрлөшүмө” аталышындагы концерти болуп өттү.

Концертте жубайлар бирде шаңдуу, бирде муңдуу ырларды аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Кечеде “Жамиля”, “Ат-Башым”, “Өмүрлүк жарга”, “Апама таазим”, “Мөл булак”, “Сүйүү ыры”, “Аруузатым”, “Булбулум” жана башка бир топ ырлар жаңырды.

Мындан тышкары, ырчылар түрк тилинде да ырдоого жетишти.

Ал эми ырчы Аскат Мусабеков акын Элмирбек Иманалиевдин бир нече ырларын көркөм окуу менен акындын “Мунарым” ырын комуз менен аткарып берди.

Концертти “Камбаркан” фольклордук ансамбли коштоду.

Концерт дээрлик үч саатка созулду.

Алып баруучулар: Мирзат Муканов жана Айзуура Иманалиева.

Башталышы: 18:40

Өзгөчөлүгү: Билеттердин баары сатылып, залдын элге толушу.






Аскат Мусабеков жана Миргүл Асаналиева түрк тилинде ырдашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: