Кыргызстанда 18 жашка чыга элек балдардын жарымы жакырчылыкта жашайт
Кыргызстанда 18 жашка чыга элек балдардын жарымы жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жашаган 18 жашка чыга элек балдардын 50,9% жакырчылыкта жашаары белгилүү болду.
Айыл жериндеги калктын 48,8%, шаардыктардын 30,7%, 18 жаштан 64 жашка чейинкилердин 36,9%, 65 жаштан улуулардын 34,8% жакырчылыкта жашоодо.
2020-жылы жакырчылыкта жашаган 1 миллион 678 миң адам катталган. Алардын 73,7 пайызы айыл жергесинде жашагандар болгон. Бул жакырчылыкта жашагандар жалпы элдин санынын 25,3 пайызын түзгөн. 17 жашка чейинки курактагы 833 миң 900 бала же ушул курактагы балдардын 31,8 пайызы кедейчилик шартта жашаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.