super.kg logo

Жалал-Абадда селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүдө

 

Жалал-Абадда селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузакта селден жабыр тарткандарга Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, Кайгуул күзөт кызматынын, Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак РИИБдин, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жардам берүүнү улантып жатат. 200дөн ашуун кызматкерлер суу жана ылайга толгон жер төлөлөрдү, мал сарайларды тазалап, турак үйлөрдүн алдын баткактан арылтууда.

Жергиликтүү тургундар милиция жана аскер кызматкерлеринин жасаган иштерине ыраазычылыктарын билдиришип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалашып, ак баталарын берип жатышат.

Белгилей кетсек, 4-майдан 5-майга караган түнү нөшөрлөп катуу жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарындагы бир нече турак жайларды жана социалдык объектилерди сел каптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: