super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Бир сөздү миң кайталап манас айтсаң 14 саат эмес, 14 сутка деле айтсаң болот"

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгу акыркы окуялар тууралуу маек куруп, анда манасчы Дөөлөт Сыдыковго байланышкан жаңылыктарга да токтолду. Өлкө башчысы Дөөлөт Сыдыковдун бийлик тарабынан кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткенин жеке пиар үчүн же ниети бузук адамдардын жетегине түшүп, ушундай кадамга барды деп сыпаттады.

Ошондой эле Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн "Ала-Тоо" аянтында 14 саат манас айтканы боюнча узатылган суроого да жооп берди.

"Уккам 14 саат манас айтканын. Сөздөрүнө маани берип, аягына чейин уксаңар. Бир сөзү миң кайталанат. Антип манас айтпайт да. Бир сөздү миң кайталап манас айтсаң 14 саат эмес, 14 сутка деле айтсаң болот. Саякбай Каралаев атабыздын манас айтканын уккула. Бир да сөзү кайталанбайт. Андан кийин өзүңөр баа бересиңер", - деди президент.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: