Украинанын Херсон шаарында Жеңиш күнүнө карата плакаттар орнотулду
Украинанын Херсон шаарынын көчөлөрүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган плакаттар пайда болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү администрация 9-майга чейин борбордук көчөлөргө жана сейил бактарга жакын жайгашкан көрнөк-жарнактардын ордуна плакаттарды орноткон.
Учурда шаар боюнча Улуу Жеңиш күнүн майрамдоого даярдыктар көрүлүп жатат. Херсон администрациясынын жанындагы аянтка монитор орнотулган. Анда согуш жылдарындагы видео хроника көрсөтүлүп, ырлар жаңырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:26
2025-07-15

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.