Сутка ичинде өлкөдө коронавирус аныкталгандар катталган жок
Сутка ичинде СOVID-19 жуктуруп алган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери жалпы 200 993 учур катталды, анын ичинен 139 913 учур лабораториялык жана 61 080 учур клиникалык жана эпидемиологиялык. Жалпысынан 196 406 бейтап илдеттен айыккан.
Учурда өлкө боюнча стационардык дарыланган бейтаптар жок, 4 бейтап үй шартында дарыланып жаткандыгы айтылат.
Белгилүү болгондой, өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 2991 кишини түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.