Бишкекте адашып жүргөн 7 жашар кыз апасына өткөрүлүп берилди
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып калган кичинекей кызга жардам беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда Аалы Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жалгыз жүргөн кичинекей кызды көрүшкөн. Аты жөнүн тактап сурашканда, 7 жаштагы А.С. аттуу кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгү белгилүү болгон. Кызматкерлер кыздын жашаган дарегин жана апасын таап, өткөрүп беришкен.
Өз кезегинде кыздын апасы кызматкерлердин ылдам жана ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.