super.kg logo

Алайда унаасын сел агызып кетип, бейтаптарга ат менен жардам көрсөтүп жүргөн медайым көпчүлүктүн мактоосуна татыды

 

Алай районунда унаасын сел агызып кеткен медайымдын бейтаптарга ат менен жардам берип жүргөнү социалдык тармактарда мактоого татыды. Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий баракчасына жарыялаган маалыматка ылайык Ырысбүбү Жаяева Алай районундагы Корул айылында жайгашкан ФАПтын медайымы болуп 16 жылдан бери эмгектенип келет.

Сел жүргөн учурда медайым айылдагы үйлөрдүн бирине өзүнүн жеке менчик автоунаасы менен чакырууга барып, бейтапка медициналык жардам берип жаткан учурда, катуу келген сел анын автоунасын агызып кеткен. Эң кызыгы ал автоунааны 2 күн мурун гана сатып алган. Калк тарабынан чоң сый-урматка ээ болгон медайым андан кийин ат менен калктан кабар алып, бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүгө өткөн жана азыр да ишин улантып жатканы айтылды.

5 баланын апасы Ырысбүбү Жаяеванын мындай эмгеги социалдык тармак колдонуучулары арасында мактоого арзып, элге көрсөткөн ак кызматы үчүн ыраазычылык айтышууда. Ошондой эле медайымдын жердештери да бул нерсени тастыктап, ар дайым ак дили менен кызмат кылган медайым экендигин белгилеп жатышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: