super.kg logo

Арзыбек Кожошев согуштун ардагери Асек Урмамбетовдон кабар алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 1943-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, согуштун ардагери Асек Урманбетовдон кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кожошев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата президент Садыр Жапаров бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 10 миллион 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун белгилеген. Ага ылайык, согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилди.

"Биз фашизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкон ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз, алар ар дайым биз үчүн үлгү болуп кала беришет. Чоң атам Улуу Ата Мекендик согушта Харьковдун жанында кызмат өтөгөн, бизге кесиптештеринин эрдиктерин айтып берип, биз үчүн тирүү легенда болгон. Сиз душман алдында элдин ынтымагын, бекемдигин өз үлгүңүз менен көрсөттүңүз. Улуу Жеңиш үчүн рахмат", - деген Арзыбек Кожошев.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов учурда 99 жашта. Ал Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы Кызыл жылдыз ордени, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: