super.kg logo

Дмитрий Биволго жеңилген мушкер Сауль Альварес беттеште жеңилбегенин айтып чыкты

 

Жарым орто салмактын чемпиондук наамы үчүн болгон беттеште Кыргызстанда туулган Дмитрий Биволго жеңилип калган мушкер Сауль Альварес беттеште жеңилбегенин айтып чыкты. Бул тууралуу чет элди спорт басылмалары жазышат.

Беттештен кийин калыстар тарабынан жеңүүчүнүн ысымы жарыяланган учурда Альварес утулганын моюндаган. Бирок маалымат жыйынында өзүн жеңилдим деп эсептебей турганын билдиргени кабарланды.

"Мен беттешти жеңдим. Балким, 5 же 6 раунд каршылашка утулуп калгандырмын. Бирок жалпы жыйынтыкта жеңилген жокмун. Финалдык бөлүктөрдө гана бир аз чарчап калдым деп ойлойм. Анткен менен өзүмдү абдан жакшы сезип жаткам. Ошондуктан беттеште жеңилип калдым деп эсептебейм. Салмагым да бир аз көйгөй жаратты. Буга байланыштуу беттеш учурунда өзүмдү 100 пайыз көрсөтө албай калдым", - деп билдирген ал.

Эске салсак, WBA уюмунун жарым орто салмактагы чемпиондук титулу үчүн болгон беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өткөн. 12 раундга созулган беттештин жыйынтыгында, Токмокто туулуп-өскөн орусиялык мушкер Дмитрий Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: