super.kg logo

Талапка жооп бербеген дагы 18 автомектеп жабылды

 

Өлкөдө талаптарга жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу 18 мектеп жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан айдоочуларды даярдоочу 142 мектептин ишмердүүлүгү текшерилип, анын ичинен 111 мектепке эскертмелер берилди.

"Текшерилген айдоочуларды даярдоочу мектептерден 13 эле автомектеп лицензиянын талаптарын жооп берет, ал эми 47 автомектептин жооптуу кызматкерлерине айыптар салынып, лицензиялык талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды.

Өлкө боюнча айдоочуларды даярдоочу 272 мектепке лицензия берилген жана учурунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө толук кандуу чаралар көрүлгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин талапка жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу 13 мектептин жабылгандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: