Бишкекте Сыймык Бейшекеевдин концерти башталды (видео)






Бүгүн, 9-май күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин "Май айы махабатым" аталышындагы концерти башталды.
Алгач концертте Акбар Сүйүнбаев, Арсан Садыбакасов жана башка ырчылардын ыры орун алды.
Андан соң Сыймык Бейшекеев “Май айы махабатым” ыры менен концертти ачып берип, “Атакем” ыры менен улантты.
Ал эми алып баруучулук тизгинди Манас Алыкулов жана Алишер Анарбек уулу алды.
Концертти көрүүгө болжол менен үч миңдей адам келди.
Белгилей кетсек, концертте лоторея да ойнотулууда.
Сыймык Бейшекеевдин концерти башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.