super.kg logo

Элчиликтин кызматкерлери Тажикстанда жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандары менен жолугушту

 

Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстанда жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул туурасында ТИМден билдиришти.

Ага ылайык, элчиликтин кызматкерлери Тажикстандан Вахдат шаарындагы №1 Жаза өтөө мекемеси (ЖӨМ), Дүйшөмбү шаарындагы №4 ЖӨМ жана Явон районундагы №6 ЖӨМда жазасын өтөп жаткан 4 Кыргыз жараны менен жолугушуу өткөргөн.

Иш сапардын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандарын кармоонун шарттары менен таанышкан. Ошондой эле соттолгон Кыргыз жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

Мындан тышкары мекемелерге баруунун алкагында элчилик тарабынан коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен өз ара байланышта Кыргызстанда жашаган туугандары менен соттолгон Кыргыз жарандарынын видео байланышы уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: