super.kg logo

Адамдын арыктыгын же толуктугун айтып кемсинтүү психологияда эмне деп аталат?

 

Коомчулукта көпчүлүк адамдар өзүнүн келбетине карата туура эмес көз караш калыптандырып алганын кезиктирсе болот. Кимдир бирөө арык болгону үчүн өзүн жемелесе, кай бирөөлөр толук болгону үчүн өзүн башкаларга караганда бактысы кем сезет. Бул жолу жогоруда аталган жагдайлар психологияда кандай терминдер менен аталарына токтолобуз.

Бодишейминг, бодипозитив жана лукизм тууралуу психолог Жакшылык Жыргалбеков айтып берди.

Бодишейминг – дене өзгөчөлүктөрүн сындоо, уяткаруу. Мисалы, адамдын ашыкча салмагын, арыктыгын же башка физикалык өзгөчөлүктөрүн айтып кемсинтүү.

Бодипозитив – өзүнүн денесине туура көз караш жаратуу, тагыраагы денеси кандай болбосун аны кабыл алуу. Ашыкча салмакка же арыктыкка маани бербөө, комплекстерге кабылбоо.

Лукизм – адамдын тышкы көрүнүшүн, кийген кийимин сындап, дискриминациялоо. Бул жагдай адамдар бири-бири менен байланышкан, атап айтканда жумушта, окууда жана башка жакта кездешет.

Жогоруда аталган 3 термин тең адамдан психологиялык алып жүрүүсүнө, жан дүйнөсүндө өзүнүн денесине болгон мамиле деп атасак болот. Мындай жагдайдын жаралышы ички психологиялык абалынан келип чыгат. Анын бир нече себептери бар. Алар коомчулукта, үй-бүлөдө болгон ой-пикир. Бул адамдан өзүнүн денесине канааттанбаган болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: