super.kg logo

Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты

 

Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-майга караган түнү Бишкектин Ленин районундагы Маликов көчөсүндө жайгашкан №47 Жазаларды аткаруу мекемесинен өрт чыккан.

Ал жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, тилсиз жоону өчүрүшкөн. Натыйжада эки кабаттуу имараттын 200 чарчы метр темир устундуу шифер менен жабылган чатыры жана 3 бөлмөсү күйгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Бул окуя боюнча айрым басылмалар абактан баш аламандык чыгып, анын негизинде өрт чыккан деген версияны дагы жазышууда.

Жазаларды аткаруу кызматына байланышканыбызда, “баш аламандык чыкты” деген маалымат чындыкка дал келбестигин кабарлашты.

“Абактан баш аламандык чыкты деген маалымат төгүн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт электр тутумунан чыкканы болжолдонууда”, - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: