super.kg logo

Бишкек мэриясы "Шыдыр жол КЖ" ЖЧКсы менен келишимди бузду

 

Бишкек мэриясы "Шыдыр жол КЖ" ЖЧКсы менен келишимди бузду. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмду өнүктүрүү департаменти "Шыдыр жол КЖ" ЖЧКсы менен түзүлгөн №35 жана №41 автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди бузду.

Ташуучу ишкана тарабынан системалуу түрдө келишимдик милдеттенмелер так аткарылбагандыктан келишим бир тараптуу бузулган.
Буга ишкана жумуштагы кемчиликтерди, тактап айтканда кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды жоюу милдеттерин жана талаптарын аткарбаганы себеп болгон.

Шаардыктар линияда №35 жана №41 кичи автобустук каттамдардагы автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан.
Аталган ишкананын өкүлүнө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Ошентип 2022-жылдын 11-майынан тартып “Шыдыр Жол KG” ЖЧКсы жогорудагы каттамдарды тейлөөнү токтотот.

Шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин "Эко Пассажирские перевозки" ЖЧКсына убактылуу бекитүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: