Айдоочулардын эсине: Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде узун жол тыгыны пайда болду
Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде узун жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүк багытты көздөй бара жаткан учурда Максим Горький көчөсүнүн кесилишинде жолдорду оңдоп-түзөө иштери болуп жатат. Буга байланыштуу узун жол тыгындары пайда болууда. Жеринде милициянын кайгуул кызматкерлери жол тыгындарын алдын алууда.
“Ага карабастан транспорттордун түштүккө көздөй агымы абдан көп. Ошондуктан шаардан жогору көздөй бара жаткан айдоочулар маршруттук каттамын алдын ала пландап, башка жолдор менен жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.