super.kg logo

Сүлүктү шаарындагы "Рахат" кафесинде кыз узатуу өткөндөн кийин 32 адам ууланды

 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталып, 32 адам жабыркады. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 9-майда массалык тамак-аштан уулануу катталган. Мындан улам Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн Сүлүктү шаарындагы адистери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө 8-майда “Рахат” кафесинде 180 адамдын катышуусунда “Кыз узатуу” иш-чарасы өткөнү белгилүү болгон.

"9-майдан бүгүнкү күнгө чейин тамак-аштан уулануунун белгилери менен жалпысынан 32 адам медициналык жардам сурап кайрылышкан, анын ичинен 11 адам Сүлүктү шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда, 21 адам амбулатордук дарыланууда. Жабырлануучулардын абалы орточо оор, аларга тиешелүү симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, 8-майда иш-чарада конокторго ысык тамак (эт кошулган палоо), салаттын 4 түрү, колго жасалган булочка жана каймак кошулган кондитердик азыктар, мөмө-жемиш жана суусундуктар берилген. Кафенин өзүндө палоо жасалып, салаттарды той ээлери үйдөн алып келишкен.

Кафенин кожоюндун айтымында, кафе алдын ала буйрутма менен, белгиленген күндөрдө гана иштейт. Лабораториялык изилдөөлөр суусундуктардын үлгүлөрү алынып, кафеге 15 миң сом айып пул салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: