super.kg logo

Мэрия бишкектик тургундарды кенелерден сак болууга чакырат

 

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна кенелердин сезону башталганын эскертип, сак болууга чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жазылды.

Анда кенелер шаардын бардык жашыл аймактарында байырлары айтылат. "Кенелер керек болсо короодо, газондо, клумбаларда бар. Мындан улам чөптүн үстүн тебелеп, ага жатуудан сак болуңуздар", - деп айтылат билдирүүдө.

Кененин чагып алуусунан кеңири тараган ооруларга Лайм оорусу (боррелиоз), кене энцефалити, эрлихиоз кирет.

Маалымат үчүн: Лайм оорусу - бул кенеден жуккан ден соолукка кооптуу жана жугуштуу оору. Кене денеге жабышкан соң канды сорууга ыңгайлуу жерди издейт. Жакшы көргөн жерлери: моюн, көкүрөк, баш, кулак, колтук жана жука чурай. Кене тиштүү тумшугу менен терини тешип, ал жерге жабышып алат. Канды соргон учурда жарага түшкөн шилекейи аркылуу вирус жугат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: