super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Жаш өлкө катары келечегибизге инвестиция салышыбыз керек"

 

Адамдык капиталга инвестициялар жашыл экономиканын приоритети менен катар мамлекеттик өнүктүрүү саясатын аныктоочу багыттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги адамдык өнүгүү форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирген.

Форумду министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу уюштурган.

"Президент ушул жылдын 4-апрелинде сүйлөгөн сөзүндө биздин эң негизги байлыгыбыз – эл, ал эми ийгиликтин негизги ачкычы – адам ресурстары деп белгилеген. Мамлекет башчысы элди өнүктүрүүгө, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана маданиятка жумшалган инвестицияны эң мыкты деп жарыялаган. Бул биздин жаңы улуттук чакырык", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы бул максатта билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлүп, ушул жылдын июль айында социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү көбөйөрүн кошумчалады.

Республиканын калкынын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгын 30 жашка чейинкилер түзөт деп сөзүн уланткан Жапаров бул чоң артыкчылык экенин белгилеген.

"Биз жаш өлкө катары келечегибизге инвестиция салышыбыз керек. Өлкө өз элине канчалык көп инвестиция салса, анын ордуна ошончолук көп акча алат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектепке чейинки билим берүүгө жумшалган кошумча 1 доллар гана улуттук экономикага 6 доллардан 17 долларга чейин киреше алып келет. Балдарыбыз мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин сүйлөй тургандай жыйынтыктарга жетүүнү каалайбыз. Биздин балдар дүйнө жүзү боюнча жумушка орношуп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Буга жетишүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз", - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, акыркы мезгилдеги дүйнөдөгү окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук министрлер кабинетин амбициялуу программаны кайра карап чыгууга жана тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү боюнча антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылып, ага 126 миллиард сомдон ашык каражат каралган.

"Акыркы 30 жылда чогулган каражаттар бюджетти колдоого, транспорт жана энергетика тармагына жумшалды. Эми бюджетти колдоо үчүн чогулган каражатты адамдык өнүгүүгө – билим берүү менен саламаттыкты сактоого, социалдык тармакка багыттайбыз. Транспорт жана энергетика тармагына биз жеке инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз, буга бардык зарыл шарттар түзүлөт", - деген Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: