Президенттин маалымат катчысы депутаттарды коңшу мамлекеттерге сын-пикир айтууда этият болууга чакырды
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев депутаттарды коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтууда этият болууга чакырды. Бул туурасында ал Фейсбуктагы баракчасында жарыялады.
"Урматтуу депутаттар!
Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтарда этият болсоңуздар, сураныч!
Депутат - бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.
Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз", - деп жазган ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.